Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-январы № 10
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Энергетика жөнүндө" 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
6-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасында белгиленген принциптерге ылайык энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун түзүүнү;
Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасында каралган учурларда, электр энергиясын мамлекеттер аралык берүүдө көмөк көрсөтүүнү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |