КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 3-февралы № 30
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) мамлекеттик кызматта турган убакта аларды ишеним башкарууга өткөрүп берүү менен акцияларга, башка баалуу кагаздарга (катышуу үлүштөрүнө, уюмдардын уставдык (салымдык) капиталынын пайларына) ээлик кылууга.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |