Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 31-декабры № 183
"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2013-жылдын 30-декабрындагы № 227) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1-бөлүгүндө "93456123,7" жана "102899212,7" деген сандар тиешелүүлүгүнө жараша "103325757,4" жана "114794628,1" деген сандарга алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө "9443089,0" деген сандар "11468870,7" деген сандарга алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "9443089,0" деген сандар "11468870,7" деген сандарга алмаштырылсын.
2. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене.
1. 2014-2016-жылдарга мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2014-жылы 4483479,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыктарын эске алуу менен 2013-жылга жана мурунку жылдарга тизмекте бекитилген курулуш объекттерин бүткөрүүгө жумшалсын.
3. 481521,0 миң сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө жумшалсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2014-жылы 400000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.".
3. 9-берененин 1-бөлүгүндө "174784,2" деген сандар "185298,1" деген сандарга алмаштырылсын.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга 1, 2, 3, 4, 4-1, 5, 6, 7, 8-тиркемелер ушул Мыйзамдын 1, 2, 3, 4, 4-1, 5, 6, 7, 8-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. 4-2, 4-3, 4-4-тиркемелер күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |