Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 12-январы № 1
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдардын сатып алуучулардан инсандыгын ырастаган документтерди көрсөтүүсүн талап кылуу милдети
Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар жашы болжолдуу 18 жашка жетпеген адамдарга карата төмөнкүгө милдеттүү:
- сатып алуучунун жашын аныктоо максатында инсандыгын ырастоочу документтерди, - жарандын паспортун (ID карта) же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүнү талап кылууга. Паспортту алмаштыруучу документтерге аскер кызматчысы экендигин аныктаган офицердик ырастама, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети, айдоочулук ырастамасы кирет;
- инсандыгын ырастаган документтерин көрсөтпөгөн учурда аларга алкоголдук продукцияларды сатуудан баш тартууга;
- алкоголдук продукцияларды саткан жерлерге 18 жашка толбогон адамдарга, инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салуу жөнүндө, алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга.
Ушул берененин жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
317-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-берененин 1-пунктунун он алтынчы абзацында "22ге" деген цифра "00гө" деген цифрага алмаштырылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 20-январында N 4 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- алкоголдук продукцияларды сатуучу адамдар менен ушул Мыйзамдын ченемдери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул Мыйзамдын ченемдери жөнүндө калкка маалымдасын;
- алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө телеберүүлөрдү чыгарууну уюштурсун.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |