Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-февралы № 01
Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин 2014-жылдын 1-июлундагы №19-18059 тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Сымап боюнча Минамат конвенциясына кирүү боюнча өбөлгөлөрдү изилдөө максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15 сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Джакыпов К.
Айткулов С. | -
- | министрдин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги министрдин орун басары, жумушчу топ жетекчисинин орун басары; |
Жумушчу топ мүчөлөрү:
Алимбеков А.
Орманова Н.
Толонгутов Б. | -
-
- | Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кең пайдалануу бөлүм башчысынын орун басары;
Айдаркен сымап акционердик коомдун директорлор кеӊешинин төрайымы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунун директору;
|
Рыскулов У. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Исаков Т.
|
- |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору; |
Халитов М. |
- |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Артыкбаев Р. |
- |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары; |
Молдалиев М.
Уметалиев Н.
Акматалиев А.
Сулайманкулов К.
Шабаева Г. |
-
-
-
-
- |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук башкармалыгынын 3- катчысы;
министрликтин мамлекеттик мүлк саясат башкармалыгынын начальниги;
министрликтин жаратылыш ресурстарынын саясат башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун Органикалык эмес химия лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Өнөр жай коопсуздугун башкармалыгынын башкы адиси; |
Кожогулов Б. |
- |
“Кен-Тоо” долбоордук-изилдөөлүк борборунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Печенюк О. | - | Көз карандысыз серепчи, “Көз карандысыз экологиялык экспертиза” КБсинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
|
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын сымап боюнча Минамат конвенциясына кирүү боюнча маселесинин ылайыктуулугуна анализ жүргүзүп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратына конкреттүү сунуштар киргизилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарылдыгына жараша топчолорду уюштуруу, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Документациялык камсыздоо, контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмү жана стратегиялык пландаштыруу башкармалыгы бул буйрукту жумушчу топтун мүчөлөрүнө жеткирсин.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары К. Джакыповко жүктөлсүн.
Министр | Т. Сариев |