Редакцияот 20.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 20-январы № 18

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

254-1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарына өзү билип курулган курулуш, эгерде аны жүзөгө ашырган адам аныкталбаса, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча бузулууга жатат.

Өзү билип курулган курулушту бузуу, аны бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                

А. Атамбаев