Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 5-майындагы
№ 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 26-январы № 26
"Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 9, 640-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 6-статьяда "жана бирикмелер" деген сөздөр ", коомдук алдын алуу борборлору (мындан ары - КААБ), бирикмелер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 7-статьянын 4-бөлүгүндө:
үчүнчү абзац "бирикмелердин" деген сөздөн кийин ", КААБдын" деген сөз менен толукталсын;
бешинчи абзац "калк арасында" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде КААБ аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 9-статьянын экинчи абзацында "жана коомдук уюмдар" деген сөздөр ", коомдук уюмдар жана КААБ" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- кызыкдар ведомстволор, КААБ жана башка коомдук уюмдар менен бирдикте үй-бүлөлүк зомбулукка алдын ала эскертүүгө жана алдын алууга катышат;".
5. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-статья менен толукталсын:
"12-1-статья. Коомдук алдын алуу борборлору
Коомдук алдын алуу борбору - коммерциялык эмес коомдук уюм, ал укук бузуулардын алдын алуу ишине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын биргелешип катышуусун камсыз кылуу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарында, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын алкактарында түзүлөт.
КААБ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын жана айыл аймактарында түзүлөт.
КААБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- юридикалык жак катары түзүлүүгө, банктарда эсеп ачууга, тийиштүү реквизиттерге, мөөргө жана бланктарга ээ болууга;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө;
- ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга;
- гранттарды жана башка трансферттерди алуу, анын ичинде эл аралык уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу маселелери боюнча ар түрдүү программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга.
КААБдын иш-аракети төмөнкүдөй булактардан каржыланышы мүмкүн:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- гранттардан жана башка акысыз жана кайтарылбас жардамдардан;
- кайтарылып берилүүчү жана орду толтурулуучу ар кандай формадагы карыз алууларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.
Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү кошпогондо, КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер КААБдын оперативдүү башкаруусуна мыйзамда белгиленген тартипте берилүүгө жатат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүүнүн, анын ичинде укук бузуулардын алдын алуунун айрым маселелерин аткарууну ошол маселелерди аткаруу үчүн каражаттарды же финансылоо булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен бирдикте КААБга берүүгө укуктуу. Укук бузуулардын алдын алуу маселелерин өткөрүп берүү, аларды финансылоону аныктоо жана өткөрүп берүү жөнүндө чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тийиштүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен кабыл алат.
КААБдын уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген КААБ жөнүндөгү документтердин типтүү үлгүлөрүнүн негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштеп чыгат жана бекитет, бул документтер юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого алынууга жатат.".
6. 14-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-статья Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары";
биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз аймагында:
- укук бузуулардын алдын алуу ишине жана анын субъектерине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- КААБдын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүшөт жана алардын иш-аракеттерин координациялайт;
- КААБдын жетекчилеринин өз аймагындагы алдын алуу ишинин абалы жөнүндө отчетторун угат;".
7. 16-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы "өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин ", КААБ," деген сөз менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 30-январында N 7 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |