Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 28-январы № 28
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 371-статьянын аталышында жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында ", Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр алып салынсын.
2. 466-статьянын аталышы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"466-статья. Объекттердин курулушуна автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу
Автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу, ошого тете ченемдерди бузуу менен аткарылган жумуштардын шайкештигин тастыктоо, -".
3. "469-статьянын аталышы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"469-статья. Объекттерди долбоорлоого жана долбоорлоо документтерин макулдашууга архитектуралык-пландоочу, инженердик-техникалык шарттарды берүүдө кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын талаптарынын бузулушу, -
Объекттерди долбоорлоого жана долбоорлоо документтерин макулдашууга архитектуралык-пландоочу, инженердик-техникалык шарттарды берүүдө кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын талаптарынын бузулушу". -
4. 33-глава төмөнкүдөй мазмундагы 482-статья менен толукталсын:
"482-статья. Курулуш иштеринин өндүрүшүнө лицензияларды берүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу
Курулуш иштеринин өндүрүшүнө лицензияларды берүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу, -
кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - лицензиядан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган, администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер, -
кызмат адамдарына - кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - лицензиядан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 508-статьянын биринчи абзацындагы "466-468" деген цифралар "466, 467" деген цифралар менен алмаштырылсын.
6. 519, 523, 524, 525, 538, 539, 541-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 526-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"526-статья. Айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Кодекстин 124-158, 160-162, 170, 179, 179-1, 180-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза колдонууга төмөнкүлөр укуктуу:
- айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;
- айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өзүнө караштуу жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары;
- токой чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, биосфералык аймактардын, мергенчилик чарбалардын жана башка мамлекеттик токой чарба жана мергенчилик ишканаларынын жана уюмдарынын башкы токойчулары (егерлери).".
8. 534-1-статья "487-3," деген цифралардан кийин "487-4," деген цифралар менен толукталсын.
9. 36-глава төмөнкүдөй мазмундагы 546-5-статья менен толукталсын:
"546-5-статья. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 69, 75-77, 79, 88, 99, 104, 106-117, 118, 119, 120, 121, 122, 123, 125-127, 132-134, 136, 144, 159, 161-169, 171-184, 193, 196, 383, 396-399, 410, 419, 419-1, 432-434, 440-451, 453, 454, 455-463, 467, 468, 468-1, 469, 471, 474, 475, 477, 479, 482, 488, 489-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза колдонууга төмөнкүлөр укуктуу:
- экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкы мамлекеттик инспектор жана анын орун басарлары;
- экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекторлор.".
10. 556-1-статьяда:
1-бөлүктүн 1-пунктунда:
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (68, 69, 70, 71, 72, 73, 74, 79, 100, 102, 118, 119, 120, 121, 122, 123, 140, 141, 142, 145, 146, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157, 160, 161, 179, 179-1, 180, 371, 383, 410, 419, 419-1, 454, 464, 467, 468, 476-статьялар);";
он үчүнчү, жыйырма тогузунчу жана отуз төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (140, 141, 142, 145, 146, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157, 160, 161, 179, 179-1, 180-статьялар);";
2-бөлүктө "546-4" деген цифралар "546-5" деген цифралар менен алмаштырылсын.
11. 564-статьяда:
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары;";
6-пунктчада "техникалык каражаттар (автомототранспорттон тышкары) тарабынан жол кыймылынын эрежелери бузулганда - Башкы мамлекеттик техникалык инспекциянын" деген сөздөр "экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (автомототранспорттон тышкары)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;".
12. 566-статьянын 3-бөлүгүндөгү "токой коргоо органдарынын, балык коргоо органдарынын, мамлекеттик мергенчилик контролу жана көзөмөлү органдарынын, курчаган чөйрөнү коргоо органдарынын" деген сөздөр "экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы жана айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын".
13. 625-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Объектти алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бир бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте демонтаждоого чыгымдар каржыланганда түздөн-түз сот аткаруучулары тарабынан ишке ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 30-январында N 7 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |