Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 21-январы № 22
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги N 87, 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги N 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) баасын, далдалчылык акылары жана тарифтер улуттук валютада жана (же) пайыздык туюнтмада, ошондой эле аларды сатып алуу шарттарын;".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктуу актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |