КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 19-февралы № 36
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
257-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14) банк жабдуулары (банкоматтар, РОS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банк киоскалары).".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
|
|
| ||
| Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев | ||