КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 3-марты № 48
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
19-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттин салык жана салыктык эмес кирешелери менен байланышкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда бюджеттик каражаттарды түзүүнүн жана пайдалануунун атайын тартибин белгилейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |