Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 3-марты № 49

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

31-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "о" жана "п" пункттары менен толукталсын:

"о) "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Бишкек же Ош шаарынын мэри аны бошотууга сунуштама киргизгенде;

п) "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Бишкек же Ош шаардык кеңеши ишеним көрсөтпөгөндө.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Ш.Атамбаев