Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 10-марты № 52
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 153-берененин 31-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 286-1-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 287-берененин 1-бөлүгүнүн он экинчи-он алтынчы саптары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Тамеки буюмдар: | 2402 |
|
|
Чыпкалуу сигареттер: | 2402 | 1000 даана |
|
2015-жылдын 1-майынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда |
|
| 750 сом |
2017-жылдын 1-январынан тартып |
|
| 1000 сом |
Чыпкасыз сигареттер: | 2402 | 1000 даана |
|
2015-жылдын 1-майынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда |
|
| 100 сом |
2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда |
|
| 400 сом |
2017-жылдын 1-январынан тартып |
|
| 950 сом |
Сигариллалар: 2015-жылдын 1-июлунан тартып | 2402 | 1000 даана | 800 сом |
Сигаралар: 2015-жылдын 1-июлунан тартып | 2402 | 1 даана | 100 сом |
Ферменттелген тамекиден тышкары тамеки камтылган башка буюмдар: 2015-жылдын 1-июлунан тартып | 2403 | килограмм | 400 сом |
".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 85-1-статьянын экинчи абзацында "бирден үчкө чейин" деген сөздөр "беш" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. З01-3 жана 346-1-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 508-статьянын 1-бөлүгүндө жана 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын жыйырма үчүнчү абзацында "301-3," жана "346-1," деген цифралар алып салынсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |