Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 12-марты № 54
"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 209-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-беренеде:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- байытылган унду өндүрүүнү, алып келүүнү жана сатууну контролдоону;";
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- байытылган унду өндүрүү менен алектенген юридикалык жана жеке жактарды экономикалык жактан дем берүү (чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында каралган жеңилдиктерди берүү) боюнча чараларды көрүүнү;".
2. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Байытылган ундун коопсуздугуна жана сапатына мамлекеттик контроль
Нан унун байытуунун коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин талаптарын сактоо үчүн мамлекеттик контроль жүзөгө ашырылат. Байытылган унга жана аны сактоо, жөнөтүү жана сатуу процессине карата мамлекеттик контроль байытылган унга айлануу баскычында жүзөгө ашырылат. Байытылган ундун өндүрүштүк объекттерине жана өндүрүү процесстерине карата мамлекеттик контроль мезгилдүү пландык жана пландан сырткары текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен өндүрүш объекттерин эксплуатациялоо процессинде жүзөгө ашырылат.
Унду байытуу эрежелеринин сакталышын, байытылган унду жеткирүүнү жана сатууну контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар мыйзамдын же келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Унду байытуу эрежелеринин сакталышын, байытылган унду жеткирүүнү жана сатууну контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы унду байытуу эрежелеринин сакталышына, байытылган унду жеткирүүгө жана сатууга контроль жүргүзүүгө укуктуу. Унду байытуу эрежелеринин сакталышына, байытылган унду жеткирүүнү жана сатып өткөрүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
3.10-беренеде:
3-бөлүгүндө "Мамлекеттик резервдеги жана фонддордогу дандан тартылуучу" деген сөздөр "Жогорку жана биринчи сорттордогу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Жогорку жана биринчи сорттордогу импорттолуучу ун техникалык регламентке ылайык байытылат.";
5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |