КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 12-марты № 55
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-статья.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
17-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда мамлекеттик тилди мамлекеттик кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүүгө.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |