Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 12-марты № 56
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 88-статьянын экинчи абзацында "ондон жыйырма" деген сөздөр "жыйырмадан элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 89-статьянын экинчи абзацында "бештен он" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 90-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - бузуулар четтетилгенге чейин иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен же ансыз - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - бузуулар четтетилгенге чейин иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен же ансыз - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 286-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - бештен он, кызмат адамдарына - бузуулар четтетилгенге чейин ишин токтото туруу менен - элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 306-статьянын экинчи абзацында "бирден" деген сөз "бештен" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |