КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 13-марты № 58
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 3, 279-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 15-статьянын "в" пункту "тарифтик" деген сөздөн мурда "жаратылыш газынын импортун кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Көрсөтүлгөн Мыйзамга № 2 тиркеменин 121-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын колдонулушу 2014-жылдын 1-октябрынан тартып келип чыккан мамилелерге жайылтылат.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |