Редакцияот 20.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-марты № 25

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 5-мартындагы № 6 буйругу менен Оро айыл өкмөтүнүн башчысы З.А.Тойчубекова, өзүнүн берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан мүчөсү Шаадабеков Далил Доолотбекович чыгарылсын - "Ак-Шам" саясий партиясынан;

- резервден комиссиянын курамына Бейшембаева Марипа Орумбековна киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

2. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан мүчөсү Акунова Зууракан чыгарылсын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; Эсенакановна

- резервден комиссиянын курамына Окенова Айсулуу Жанузаковна киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШКнын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов