Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-марты № 30
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2015-жылдын 12-мартындагы № 56 буйругу менен Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Сатаров, Сары-Камыш айылдык кеңешинин депутаттарынын ишеним көрсөтпөө жөнүндө 2015-жылдын 2-мартындагы № 1 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 17-апрелине дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Шайымкулова |