Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2001-жылдын 10-февралы ПУ № 56
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82, 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 324 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүүнүн жана анын маанилүү чакан системаларынын бири-бирдиктүү укуктук маалыматтар системасын калыптандыруунун, анын маалыматтар базасынын электрондук түрдө натыйжалуу иштешинин чегинде, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын, юридикалык жактарды жана өлкөнүн жарандарын, дүйнөлүк шериктештикти Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү маалыматтар менен оперативдүү камсыз кылуу максатында токтом кылам:
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук маалыматтар Борборунун ченемдик укуктук актыларынын базасында кагазда жана электрондук түрдө укуктук маалыматтардын Борбордоштурулган банкы (мындан ары-УМББ) түзүлсүн.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. УМББга төмөнкүлөр киргизилет деп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын кодекстери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана тескемелери;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелери;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору;
- ченем жаратуу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары;
- мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актылары;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери.
Мыйзам менен корголуучу мамлекеттик сырды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматтарды камтыган ченемдик укуктук актылар (актылар) УМББга киргизилбейт.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82, 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 324 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Бул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар (актылар) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараттары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды кабыл алган күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбестен кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө УМББга жиберилет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине сактоого берилген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга жиберилет.
Мындай эл аралык келишимдердин электрондук формасы мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине сактоого берилген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга берилет.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жөнүндө маалыматты алар күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен (келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген учурларды кошпогондо) УМББга жиберет.
Ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана электрондук формасы мындай эл аралык келишимдер түзүлгөн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан аларга кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга жиберилет. Ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жөнүндө маалымат алар күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен (келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген учурларды кошпогондо) УМББга берилет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жогоруда көрсөтүлгөн укуктук маалыматты электрондук формада алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат деп белгиленсин.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Ушул Жарлыкты аткарууга контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жалпы бөлүмү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын маалыматтык камсыз кылуу жана телекоммуникация бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |