Документке
Мурунку07.03.2025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2001-жылдын 10-февралы ПУ № 56

 

Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө

 

(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүүнүн жана анын маанилүү чакан системаларынын бири-бирдиктүү укуктук маалыматтар системасын калыптандыруунун, анын маалыматтар базасынын электрондук түрдө натыйжалуу иштешинин чегинде, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын, юридикалык жактарды жана өлкөнүн жарандарын, дүйнөлүк шериктештикти Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү маалыматтар менен оперативдүү камсыз кылуу максатында токтом кылам:

(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук маалыматтар Борборунун ченемдик укуктук актыларынын базасында кагазда жана электрондук түрдө укуктук маалыматтардын Борбордоштурулган банкы (мындан ары-УМББ) түзүлсүн.

(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. УМББга төмөнкүлөр киргизилет деп аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;

- Кыргыз Республикасынын кодекстери;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана тескемелери;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелери;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору;

- ченем жаратуу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер;

- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери.

Мыйзам менен корголуучу мамлекеттик сырды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматтарды камтыган ченемдик укуктук актылар (актылар) УМББга киргизилбейт.

(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Бул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар (актылар) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараттары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды кабыл алган күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбестен кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө УМББга жиберилет.

(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине сактоого берилген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга жиберилет.

Мындай эл аралык келишимдердин электрондук формасы мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине сактоого берилген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга берилет.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жөнүндө маалыматты алар күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен (келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген учурларды кошпогондо) УМББга жиберет.

Ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана электрондук формасы мындай эл аралык келишимдер түзүлгөн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан аларга кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга жиберилет. Ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жөнүндө маалымат алар күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен (келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген учурларды кошпогондо) УМББга берилет.

(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жогоруда көрсөтүлгөн укуктук маалыматты электрондук формада алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат деп белгиленсин.

(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин.

(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

7. Ушул Жарлыкты аткарууга контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жалпы бөлүмү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын маалыматтык камсыз кылуу жана телекоммуникация бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 
Жаңы10.02.2001
Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 10-февралы ПУ N 56                                                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ                                                                           Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган                  банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө                                                                          Мамлекеттик  компьютердик  тармакты түзүүнүн  жана  анын  маанилүүчакан  системаларынын бири – бирдиктүү укуктук маалыматтар  системасынкалыптандыруунун,   анын  маалыматтар  базасынын   электрондук   түрдөнатыйжалуу   иштешинин  чегинде,  мамлекеттик  бийлик  жана   башкарууоргандарын,  юридикалык  жактарды жана  өлкөнүн  жарандарын,  дүйнөлүкшериктештикти  Кыргыз  Республикасынын  нормативдик  укуктук  актыларыжөнүндөгү маалыматтар менен оперативдүү камсыз кылуу максатында токтомкылам:    1.   Кыргыз   Республикасынын   Юстиция   министрлигинин   укуктукмаалыматтар  Борборунун  нормативдик  укуктук  актыларынын   базасындакагазда     жана     электрондук    түрдө    укуктук    маалыматтардынБорбордоштурулган банкы (мындан ары – МББ) түзүлсүн.    2. МББга төмөнкүлөр кошула тургандыгы аныкталсын:    - Кыргыз Республикасынын Конституциясы;    - Кыргыз Республикасынын Кодекстери;    - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;    -   Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  нормативдик  мүнөздөгүУказдары жана буйруктары;    - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган ратификацияланганэл аралык келишимдер (макулдашуулар, конвенциялар), ошондой эле аларгатолуктоолор, түзөөтүлөр, тиркемелер;    -  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу  жыйыныкабыл алган токтомдор;    - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны кабылалган токтомдор;    -   Кыргыз   Республикасынын   Өкмөтүнүн   нормативдик   мүнөздөгүтоктомдору жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининбуйруктары;    - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери;    -  Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунун  токтомдору  макулдашуубоюнча;    -  Кыргыз  Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунун  токтомдорумакулдашуу боюнча;    -  Кыргыз  Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү  боюнчаборбордук комиссиясынын нормативдик укуктук актылары;    -    Кыргыз    Республикасынын   министрликтеринин,    мамлекеттиккомитеттеринин,     администрациялык     ведомстволорунун,      КыргызРеспубликасынын   Улуттук  банкынын,  Кыргыз   Республикасынын   Башкыпрокуратурасынын,  мамлекеттик администрациялар менен  жергиликтүү  өзалдынча  башкаруу  органдарынын  мамлекеттик  каттоого  алынган  жалпымилдеттүү мүнөздөгү нормативдик укуктук актылары.    Мамлекеттик   жашыруун   сыр  катары   мыйзам   менен   корголуучунормативдик-укуктук  актылар,  ошондой  эле  балдарды  асырап   алуугабайланышкан чечимдер МББга киргизилбейт.    3.   Ушул  Указдын  2-пунктунда  көрсөтүлгөн  нормативдик  укуктукактылар  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  Администрациясы  жанаКыргыз    Республикасынын   Президентинин   Иш   башкармасы,    КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынын  жана  КыргызРеспубликасынын   Жогорку  Кењешинин  Эл  өкүлдөр  жыйынынын,   КыргызРеспубликасынын     Премьер-министринин,    Кыргыз     РеспубликасынынКонституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, КыргызРеспубликасынын  Жогорку Арбитраждык сотунун,  Кыргыз  РеспубликасынынШайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, КыргызРеспубликасынын  Башкы  прокуратурасынын Аппараттары  тарабынан  кабылалынган   (бекитилген,   кол  коюлган)   күндөн   баштап   10   күндөнкечиктирбестен кагаз жүзүндө же электрондук түрдө МББга жиберилет.    4.  Белгиленген тартипте ратификацияланган же бекитилген эл аралыккелишимдердин  күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын  Тышкыиштер  министрлиги тарабынан аларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлигине   сактоого   тапшырылган   күндөн   баштап   10   күндөнкечиктирбестен МББга жиберилет.    Ведомстволор    аралык    мүнөздөгү   эл   аралык    келишимдердинкүбөлөндүргөн   көчүрмөлөрү   Кыгыз  Республикасынын   министрликтери,мамлекеттик  комитеттери жана администрациялык  ведомстволору,  КыргызРеспубликасынын   Башкы  прокуратурасы  жаан  Кыргыз   РеспубликасынынУлуттук  банкы  тарабынан аларга кол коюлган күндөн баштап  10  күндөнкечиктирбестен МББга жиберилет.    5.    Кыргыз   Республикасынын   Юстиция   министрлиги   тарабынанмамлекеттик компьютер тармагында түзүүнүн жана аны Интернет  тармагынажайгаштыруунун   чегинде   жогоруда  аталган   укуктук   маалыматтардымамлекеттик  бийлик  жана  башкаруу  органдарынан  электрондук   түрдөалуунун  тартиби  Кыргыз Республикасынын Президентинин  Иш  башкармасыменен   макулдашуу  боюнча  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  тарабынананыкталат.    6.   Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  ушул  Указдан  келип  чыккануюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин.    7.   Ушул   Указды  аткарууга  контролдук  кылуу  милдети   КыргызРеспубликасынын  Президентинин Администрациясынын жалпы  бөлүмү  мененКыргыз  Республикасынын  Президентинин  Иш  башкармасынын  маалыматтыккамсыз кылуу жана телекоммуникация бөлүмүнө жүктөлсүн.     Кыргыз Республикасынын Президенти                А. Акаев