ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 37 «Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемесин белгилөө жөнүндө» токтому

Редакция02.04.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2015-жылдын 2-апрели № 37

Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемесин белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 13-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катыша турган талапкерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемеси болуп “РСК Банк” ААКсы белгиленсин.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, контролдук- текшерүү тобунун жетекчиси Ж.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов