Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № 139
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым укуктук ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Шайлоо системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 19-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы биринчи абзацындагы "жана саясий партиялары" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктундагы "жана саясий партиялары" деген сөздөр алып салынсын. Экинчи сүйлөм алып салынсын;
- 3-пунктундагы "жана саясий партиялары" деген сөздөр алып салынсын. Экинчи сүйлөм алып салынсын;
- 9-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-бөлүмүндө:
- 7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7. Борбордук шайлоо комиссиясы тийиштүү аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда, саясий партияларды, коомдук уюмдарды, шайлоочуларды аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүү жана аларга көрсөтүү иштеринин башталышы тууралуу жалпыга маалымат каражаттары же башка ыкма аркылуу кабарландырат.";
- 8, 9, 10-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Шайлоо комиссиялардын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү боюнча документтер, бардык талапкерлердин документтери менен бирге, тиешелүү шайлоо комиссияны түзүп жаткан жогору турган шайлоо комиссияга өткөрүлүп берилет.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоо же бошотуу үчүн "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамында каралган белгиленген тартипте жүргүзүлөт";
- 19-пункту "комиссиясы тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "өзүнчө жобо менен" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүмүндө:
- 5-пункттагы "шайлоо дайындалган" деген сөздөр "шайлоо комиссиялар түзүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7, 9, 10-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7. Шайлоо комиссиянын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө ар бир протоколго талапкер тууралуу толук маалымат (фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы, билими, негизги иштеген же кызмат кылган жери, ээлеген кызматы (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болгон учурда - ишинин түрү), жашаган жеринин дареги, кызматтык же үй телефонунун номерлери, шайлоо өнөктүгүн уюштурууга жана өткөрүүгө катышуусу жөнүндө маалыматтар), тиешелүү шайлоо комиссиянын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенмеси тиркелиши керек.
8. Шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор:
- саясий партиялардан: чогулуштун (конференциянын) төрагасынын, катчысынын колтамгалары жана саясий партиянын (же анын регионалдык бөлүмүнүн) мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;
- шайлоочулардын чогулушунан: чогулуштун төрагасы жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлгөн жашаган жерин көрсөтүү менен чогулуштун катышуучуларынын тизмеси жана чогулуштун төрагасынын, катчысынын паспортторунун көчүрмөлөрү тиркелет. Көрсөтүүнүн протоколу тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилет.
9. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча түзүлүп жаткан шайлоо комиссиянын курамына шайланбай жана (же) киргизилбей калган талапкерлер, саясий партиялардан көрсөтүлгөн шайлоо комиссиянын айрым мүчөлөрү чыгып кеткен учурда, аларды шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн резервди түзөт.
Чүчүкулак өткөрүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйналышынын күн тартибине саясий партиялардан шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин ортосунда чүчүкулакты уюштурууну жана өткөрүүнү биринчи маселе катары киргизет жана бул тууралуу талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга милдеттүү түрдө билдирилет.
Шайлоо комиссиясынын жыйналышы чүчүкулак өткөрүү үчүн өзүнүн курамынан (үч адам санында) комиссияны аныктайт.
Чүчүкулак өткөрүү үчүн тийиштүү шайлоо комиссиясы эркин формада номерленген талондорду даярдайт (гильзалар, шарлар, жетондор ж.б.), алар эркин формадагы тунук эмес ящикке (барабанга) салынат. Ар бир саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү бир талонду (гильзаны, шарды, жетонду ж.б.) алып чыгат. Партиянын өкүлүнүн ыйгарым укуктары ал кызыкчылыгын коргогон саясий партия тарабынан анын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин, ошондой эле чүчүкулакка катышуу үчүн жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын аталышын көрсөтүү менен жазуу түрүндө күбөлөндүрүлүшү зарыл. Бул документ паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө жарактуу. Биринчи номерлерди алып чыккан тиешелүү шайлоо комиссиясынын 1/2 курамын түзгөн саясий партиялар чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча шайлоо комиссияга киргизилет. Калган талапкерлер чүчүкулактын протоколунда көрсөтүлгөн тартипте резервди түзөт.
Чүчүкулактын натыйжалары боюнча протокол түзүлөт, ага чүчүкулакты өткөргөн комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чүчүкулактын натыйжалары менен таанышкандыгы жөнүндө протоколго кол коюшат.
Эгерде, саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин саны шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин санынан аз болуп калса, тиешелүү шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн көрсөтүлгөндөрдүн ичинен талапкерлерди шайлоо комиссиянын курамына киргизүүгө укуктуу.
Эгерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлер мыйзам боюнча талап кылынуучу сандан ашыкча сунушталган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы бардык түшкөн сунуштарды талдап, түзүлүп жаткан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди добуш берүү жолу менен тандайт.
10. Төмөн турган шайлоо комиссиясын түзүүчү шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйналышында көрсөтүү субъектилерден алынган шайлоо комиссияларынын курамдары жөнүндө материалдарды карайт. Мында шайлоо комиссиясы көрсөтүү субъектилери менен сунушталган тигил же бул талапкерди кабыл албай коюуга укуктуу, эгерде аталган талапкер шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе.
Эгерде төмөн турган шайлоо комиссиясы тарабынан тигил же бул талапкерди четке каккан учурда, көрсөтүү субъектилери аталган талапкерлерди кайтадан шайлоо комиссиясынын курамына сунуштоого укуксуз";
- 12-пунктунда:
- "тандайт" деген сөз "киргизет" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "шайланбаган талапкерлердин" деген сөздөр алып салынсын.
Төмөнкү мазмундагы 15-пункт менен толукталсын: "Тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамына шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар киргизилбейт. Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн адамдардын маалыматтык базасын жүргүзөт, анын ичине аймактык шайлоо комиссиялардын сунуштамалары кирет.".
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|