Редакцияот 12.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы

 

2015-жылдын 12-августу № 4

Азимов Алмазбек Курбаналиевичке жана Сапаралиев Абдилаким Туратбековичке Чоң-Алай айылдык аймактык кеңешинин ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө

Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевдин сунушун талкуулап Чоң-Алай айылдык аймактык кеңешинин бешинчи чакырылышынын депутаттарынын кезектеги экинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевдин сунушу эске алынсын.

2. Чоң-Алай районуна көрсөткөн алгылыктуу жардамы үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Азимов Алмазбек Курбаналиевич үзүрлүү эмгеги үчүн Чоң-Алай айылдык аймагынын ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын.

3. Чоң-Алай айылдык аймагына караштуу Жаш-Тилек айылынын айыл башчысы Сапаралиев Абдилаким Туратбекович коомдук иштерге активдүү катышып эл үчүн кылган алгылыктуу иштери үчүн Чоң-Алай айылдык аймагынын ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо. Коомдук иштер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Д. Молдоболотов