Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы № 45
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 38 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо талапкерлер катталбагандыгына байланыштуу өткөрүлгөн жок. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2015-жылдын 18-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|