Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 18/6-6
Кара-Көл шаарынын 2013-жылга шаардык бюджети жана 2014-2015 жылдарга болжолу жөнүндө
“Кара-Көл шаарынын 2013-жылга шаардык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Т.Осмонкуловдун докладын, шаардык салыктар жана жыйымдар башкармалыгынын башчысы Т.Т.Муратовдун жана шаардык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын кошумча билдирүүсүн угуп, талкуулап шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын 2013-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 117 088,4 миң сом суммасында балансташтырылып №1,2,3,4,5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. 2013-жылга республикалык бюджеттен шаардык бюджетке берилүүчү категориалдык гранттын көлөмү 58 514 ,4 миң сом суммасында бекитилсин.
3. Кара-Көл шаарынын 2014-2015-жылдарга шаардык бюджеттин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын.
4. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин талаптарынын негизинде шаардык бюджетти камсыз кылуу кызыкчылыгын коргоо, балансташтыруу максатында шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик шаардык мэрияга (Койчиев М.Д.), шаардык салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик башкармалыгына (Муратов Т.Т.) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (Сарбалаев К.С.) жүктөлөөрү белгиленсин.
5. Шаардык салыктар жана жыйымдар боюнча башкармалыгы (Муратов Т.Т.) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыктары тарабынан (Сарбалаев К.С.) салыктар жана жыйымдар боюнча максаттуу көрсөткүчтөрүнүн пландары салыктык, жыйымдык базалардын аздыгынан жоготууга учуроо жагдай пайда болсо эсеп - кысап, анализдерин шаардык мэрияга жана шаардык каржы бөлүмүнө оперативдүү түрдө билдирүүлөрү, ал эми шаардык мэрия (Койчиев М.Д.), шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) берилген аргументтердин негизинде шаардык кеңешке шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунуштарын берип, тиешелүү токтом чыгартуулары белгиленсин.
6. “Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин талабына ылайык жалпы билим берүү мектептердин 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга бөлүнүүчү каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдалануу учун шаардык мэрия (Койчиев М.Д.), шаардык элге билим берүү бөлүмү (Кожошева Д.М.) жооптуу экендиги жана тамактанууну уюштуруудан уномдолгон каражат республикалык бюджетке кайтарылып берилээри белгиленсин.
7. Шаардык каржы бөлүмүнө:
7.1. “Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин талабына ылайык шаардык бюджеттин 2013-жылга каралган чыгымдарды каржылоону биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак-аш, жеңилдиктер), коммуналдык чыгымдарга, ал эми калган чыгымдарды приоритеттүүлүгүнө жараша бюджеттин балансташканын эске алуу менен жүргүзүүсү сунушталсын.;
7.2. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесинин талабына ылайык жыл ичинде оперативдүү, тез аранын ичинде чечилүүчү маселелерди бюджеттик мекемелердин беренелериндеги каражаттарды (коргоого алынган беренелерден сырткары) алардын өтүнүчтөрүнүн негизинде беренеден беренеге жылдыруу жолу менен бюджеттин балансташканын эске алып каржылап берүүгө уруксат берилсин, ал эми бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу жана каржылоону шаардык кеңештин чечими менен гана ишке ашырылуусу белгиленсин.;
7.3. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 37-беренесинин талабына ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге (шаардык мэриянын муниципалдык менчигинде турган оьбектилерди эске албаганда) шаардык бюджеттен каражат болуп берүүгө, каржылоого жол бербоо жагы милдеттендирилсин.
8. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесинин талабына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип, айдын, кварталдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча жыйналган каражаттарды кийинки айдын, кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо шаардык каржы бөлүмүнө сунушталсын.
9. Бул токтомдун №5 тиркемесиндеги өнүгүү бюджетинде (депөзит) каралган шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын “Башка кызматтар” (“Прочие услуги”) беренесиндеги 5 000,0миң сомдук каражат шаардык бюджеттин киреше бөлүгү Камбар-Ата ГЭСине болунуучу капиталдык салымга ылайык аткарылышына жараша шаардык бюджеттин балансташканын эске алуу менен мыйзам чегинде каржылануусу белгиленсин.
10. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 10,16,18-беренелеринин талаптарына ылайык муниципиалдык обьектилерди эффективдуу башкаруу, эксплуатациялоо, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, кошумча жумуш орундар жана салыктардын шаардык бюджетте калуусун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузууга жол бербестен, шаардык бюджеттин 2013-жылга бекитилген атайын спецификалык талаптар талап кылынбаган ремонт, курулуш иштерин шаардык муниципиалдык менчик башкармалыгынын өздүк күчү менен сапаттуу, натыйжалуу аткарууга шаардык мэрияга уруксат берилсин.
11. “Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу” жөнүндө мыйзамынын 16-беренесинин 2-пунктунун талабына ылайык бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казына тутумун четтеп өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын жана көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынаары белгиленсин.
12. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 21-беренесинин талабына ылайык жалпы шаардык бюджеттин чыгымдарынын (атайын каражатсыз) көлөмүнүн 0,8 (нол бутун ондон сегиз) пайызы же 909,0миң сом өлчөмүндө шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин резервдик фонду түзүлсүн жана анын 590,9миң сому шаардык мэриянын, 318,1миң сому шаардык кеңештин резервдик фонду болуп бекитилип, бюджеттин фактылык чыгымдарына жараша каржылануусу белгиленсин.
13. Шаардык бюджет боюнча жүгүртүлүүчү кассалык-накталай акчасы 2013-жылдын 1-январына 100,0 миң сом суммасында белгиленсин.
14. Кыргыз Республикасынын “Граждандык коргоо” жөнүндө мыйзамынын экинчи бөлүм, 10-беренесинин, “Калкты жана аймакты табигый жана техногендик мүнөздөгү Өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын 13-беренесинин талабын аткаруу максатында Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын 18.01.2013-ж.№1 токтомунун негизинде өзгөчө кырдаал учурунда алардын кесепеттерин жоюуга пайдаланууга шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын “Куйуучу май” (“Транспортные услуги”) беренесинде 300,0миң сом “кол тийбес запас” катары, а.и. Жазы-Кечуу аймактык башкармалыгына 50,0миң сом, Кетмен-Тобо аймактык башкармалыгына 50,0 миң сом, Кара-Кол шаарына 200,0 миң сом кармалуусу жана бул каражаттарды өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын түзүлгөн комиссиянын эсеп-кысаптары менен аргументтелген корутунду-чечиминин негизинде каржылоого уруксат берилсин.
15. Эл аралык “Мерси Ко”, “Арис”, туртку беруучу улуштук грант (“Стимулирующий долевой грант”) ж.б. программалары боюнча инвестициялык гранттарга шаардык бюджеттин эсебинен улуш катары 1,0млн. сомдук каражат шаардык муниципиалдык менчик башкармалыгынын “Башка кызматтар” (“Прочие услуги”) беренесинде кармалсын жана бул каражаттар инвестициялык гранттарды муниципиалдык объектилерине уткан учурда үлүш катары кошуп, тиешелүү мыйзам-актылардын негизинде каржылоого уруксат берилсин.
16. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 22-беренесинин талабына ылайык бюджеттик каражаттарды ушул эле мыйзамдын 20-беренесинин талабынын негизинде аргументтелген документтерге таянып, максаттуу сарпталышына бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин түздөн-түз жоопкерчилигинде экендиги белгиленсин.
17. “Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдын 18-беренесинин талабына ылайык үстүдөгү жылы кабыл алынган жана чечимдик актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгымдар кийинки жылдык бюджетте бюджеттин акыбалына жараша каралаары белгиленсин.
18. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Койчиев М.Д.), шаардык салыктар жана жыйымдар башкармалыгына (Муратов Т.Т.), шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (Сарбалаев К.С.) жана шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |