Загрузка документа…
ДЖАЛА-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 9 июлу № 2
«Шабдалы-Зар» базарынын алдындагы муниципалдык жер аянты жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменттинин 13.05.2013-жылдын №153-катынын негизинде, шаардык кеңештин Өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Осмоновдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин көчөсүндөгү «Шабдалы-Зар» базарынын кире бериш жериндеги 557 м2 мунципалдык жер аянты боюнча 2013-жылдын 01-январындагы түзүлгөн келишим, жокко чыгарылсын жана ошол күндөн тартып керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
2. Түшүүчү каражаттар керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин атайын эсебине түшүрүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын м.а. (Б.Беркбаевага) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |