Загрузка документа…
ДЖАЛА-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 9 июлу № 3
Жалал-Абад шаарынын «Электрон» жана «Бахор» дачаларынан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүүдөгү тартибин аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесинин 1-пунктуна ылайык, жана Жалал-Абад шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 19.06.2013-жылдагы №2-чечиминин негизинде, депутаттардын сунуштарын эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясынын 08.10.2012-жылдагы №16-токтомунун 5-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын 170/171-кварталындагы «Электрон» жана «Бахор» дачалардын ортосунда жайгашкан 5,3 га жер аянтынан жеке турак-жай куруу үчүн берилгенден кийин артып калган жер тилкесинин берүүнүн тартиби шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын 170/171-кварталындагы «Электрон» жана «Бахор» дачалардын ортосунда жайгашкан жер аянтынан жер алуу үчүн кезекте турган шаардын тургундарына жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесинин аянты 400 чарчы метр болуп бекитилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын 170/171-кварталындагы «Электрон» жана «Бахор» дачалардын ортосунда жайгашкан 5,3 га жер аянтын «жайыт» жерлер түрүнөн «турак-жай» жерлер түрүнө өткөрүлүп берилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын м.а. (Б.Беркбаевага) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Казакбаев) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |