Загрузка документа…
ДЖАЛА-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 9 июлу № 4
Жалал-Абад шаарында жайгашкан К.Батыровго тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктөрүн улутташтыруудан кийин муниципалдык менчикке баланска өткөрүп берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоо жөнундө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 6-беренесинин 1-абзацынын 1-пунктчасына ылайык, Жалал-Абад шаарында жайгашкан К.Батыровго тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечими менен мамлекетке конфискация болгондугуна байланыштуу жана Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулдарынын координациялык кеңешинин кайрылуусун эске алып, шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 12.06.2013-жылдагы №1-чечиминин негизинде, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында жайгашкан К.Батыровго тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктөрүн улутташтырылгандан кийин мамлекеттин эсебинен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчикке баланска өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
2. Токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын м.а. (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын м.а. (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Казакбаев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |