Загрузка документа…
ДЖАЛА-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 9 июлу № 5
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан аткарылган иши жөнүндө маалыматты угуу
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2013-жылга карата түзүлгөн келечектүү иш планынын негизинде жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы К.Алдосовдун маалыматын угуп чыгып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы К.Алдосовдун маалыматы канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү жагы шаардык мэрияга жана шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын м.а. Б.Беркбаевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |