Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 9 июлу № 7
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын 2013-жылдын алты айында аткарган иштери жөнүндө отчетун угуу
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2013-жылга карата түзүлгөн келечектүү иш планынын негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын маалыматын угуп, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы М.Тагаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын м.а. Б.Беркбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |
2012-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болуп өтүп, шаарыбыз үчүн түйшүктүү жыл болуп калбастан бизге бир топ жетишкендиктерди да тартуулап кетти. Шаардык кеңештин курамы партиялык тизме аркылуу куралып, шайлоодо жеңип чыккан үч партиядан шаардык кеңештин VI-чакырылышынын депутаттары шайланды. Шаардык кеңештин депутаттары шаар мэриясы менен жанаша туруп аракеттенип, такай эл арасында болуп, эл менен тыгыз байланышта иш алып барганынын натыйжасында, шаарыбыз саясий жана экономикалык стабилдүүлүктө жашап жатат.
Шаардык кенештин төрагасынын жана депутаттарынын аткарган иштери тууралуу элге маалымат берип, ушул кыска мөөнөттүн ичинде шайлоочулардын наказдарын аткаруу, шаарыбыздын өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымдары, карапайым элге жеке жардам көрсөткөн депутаттарыбыз да арбын.
Шаардык кеңештин депутаттары 2012-жылдын 25-ноябрында шайланышып, биринчи уюштуруу сессиясын 26-декабрда болуп, шаардык кеңеш официалдуу түрдө ишке киришти.
Жаңы депутаттык корпус алты ай ичинде жалпысынан 7 сессия өткөрүп, ал сессияларда бир топ маселе каралып, 29 токтом кабыл алынды. Кабыл алынган токтомдор мыйзам талабына ылайык расмий тилдерине которулуп, расмий жана мамлекеттик тилдеринде гезит бетине жарыялангандан соң Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги тарабынан жүргүзүлүүчү укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик Реестрине каттоого берилип келүүдө.
Шаардык кеңештин ишинин өзөгүн туруктуу комиссиялар түзөт. Сессияларда каралуучу бардык маселелер тийиштүү туруктуу комиссиялардын кароосунан өтүп, анан гана жалпы талкууга алынат. Бул жагынан алганда туруктуу комиссиялардын көтөргөн жүгү, жоопкерчилиги бир топ оор десек болот. Шаардык кеңештин төрт туруктуу комиссиясы иштеп келе жатат. Алар:
бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча;
өнөр-жай, ишкердик, соода жана айыл чарбасы боюнча;
курулуш, коммуналдык чарба, транспорт жана байланыш боюнча;
социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, Регламент, коомдук уюмдар, партиялар менен байланыш боюнча.
2013-жылдын 21-февралында болуп өткөн кезектеги IV-сессиясында Типтүү Регламенттин негизинде шаардык кеңештин иштөө Регламентин карап чыгууга комиссия түзүлдү жана шаардык кеңештин келечектүү иш планы да бекитилди. Ал эми 2013-жылдын 13-мартта болгон V-сессияда шаардык кеңештин иштөө Регламенти толугу менен иштелип чыккандан кийин, укуктук-ченемдик актыларды каттоо боюнча мамлекеттик Реестрге каттап, ошол Регламенттин жана иш пландардын негизинде шаардык кеңеште карала турган орчундуу маселелери камтылып, туруктуу комиссиялардын иш пландары кошо бекитилген. Келечектүү иш планда жалпысынан 14 маселе камтылса, анын ичинен 4 маселе комиссияда каралып сессияга чыккан болсо, 4 маселе учурда туруктуу комиссияларда кароодо.
Кезектеги VI-сессияда жергиликтүү бюджеттин 2013-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү бекитилген. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 477712,4 миң сомго бекитилген, анын ичинде категориалдык гранттар – 193198,6 миң сом, атайын каражаттар – 44358,2 миң сом, активдер менен иштөөнүн натыйжасындагы кирешелер – 16130,0 миң сомго түзүлдү.
Жергиликтүү бюджетти бекитип жатканда депутаттар пландан ашыкча түшкөн каражатты приоритеттүү багыттарга бөлүп, шаардын инфраструктурасын көтөрүү жана жакшыртуу багыттарына бөлүп беришкен. Социалдык тармак да жергиликтүү бюджеттин бир оорчундуу бөлүгү десек жаңылышпайбыз. Мугалимдерге жылына бир жолу сыйлоого ар бирине 2000 сомдон каралган жана коммуналдык чыгымдарын төлөөгө кошумча каражат катары айына 200 сомдон каражат шаардык билим берүү башкармалыгынын чыгым сметасына кошулган. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, Ош шаарында коммуналдык төлөмдөргө жеңилдик катары 150 сомдон төлөнүп берилет. Ал эми Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине майрам алдынан 1000 сомдон жана ай сайын 500 сомдон пенсиясына кошумча катары төлөнүп келе жатат, Чернобыль апаатынын катышуучуларына ай сайын 500 сомдон кошо төлөнүп берилүүдө. Бул чыгымдоолорду шаардык кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына карабастан ардагерлерибизди урматтоо менен колдоп, бекитип беришти.
Шайлоочулардын наказдарын аткарууга жергиликтүү бюджеттен 3100,0 миң сом акча каражаты каралган. Учурда шаардык кеңештин депутаттары шайлоочулардын наказдарын аткарууга жумшап жатышат. Мисалга алсак, Олимпийский көчөсүндөгү №72 көп кабаттуу үйдүн чатырын жабууга депутат Т.Осмоновдун атынан 30,0 миң сом, З.Абидованын атынан 15,0 миң сом, жалпысынан 45,0 миң сом чыгымдалды. Россия Федерациясынын Казань шаарында өтүүчү универсиадага тренер Абдыкадыровдун катышуусуна депутаттар Н.Маматов жана А.Азимовдордун атынан 40,0 миң сом берилди. Сузак автобазасынын айланасында жашаган шаар тургундарынын арызы менен ичүүчү сууга жана канализация түтүктөрүн оңдоого депутаттар Т.Осмоновдон 30,0 миң сом, К.Усеновдон 20,0 миң сом, Б.Джусупбековдон 50,0 миң сом жана А.Осмоновадан 10,0 сомдон каржылап беришкен.
Шайлоочулар менен депутаттардын ортосундагы байланышты жакшыртуу максатында №75 жана №1 кесиптик лицейлерде, төраганын жана мэрдин катышуусу менен Темир Жол вокзалында, Спутник, Курманбек, Достук кичи районунда чогулуштарды өткөрүп, чогулуштарда шайлоочулар тарабынан айтылган наказдар боюнча иш-чаралар иштелип чыгып аткаруу бийлигине берилди.
Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы бир топ жыйындарды өткөрүп, ал жыйындарда элдерден, мекеме-ишканалардан түшкөн арыз, каттарды тескеп, кечиктирилгис багыттарга акча каражатын каржылап келе жатат.
Ал эми шаардык кеңештин өнөр-жай, ишкердик, соода жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан да алгылыктуу иштер болду деп айтсак жаңылышпайбыз. Шаардагы соода түйүндөрүнүн, борбордук базардын санитардык шарттарын жакшыртуу багытында иш жүргүзүлүп жатат.
Шаардык кеңештин курулуш, коммуналдык чарба, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан да шаар турмушун жакшыртуу максатында бир топ иш жүргүзүлдү. Отурумдарында негизинен шаардын коммуналдык инфраструктурасын жакшыртуу, көчөлөргө бастырылуучу асфальттын жана асфальттоонун сапатын, муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин ишин натыйжалуу жана эффективдүү болушуна көмөк көрсөтүү.
Шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, коомдук уюмдар, партиялар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан шаардагы социалдык-маданий мекемелердин абалы жөнүндө, шаардагы географиялык аталыштар боюнча жана шаардын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу боюнча жоболорунун негизинде иш жүргүзүп жатышат.
Шаардык Кенеште 4 туруктуу комиссия иштеп жатса, шаардык кеңештин аппаратындагы 4 жооптуу кызматкердин ар бири бирден туруктуу комиссиянын катчысы болуп эсептелет жана коомдук комиссиянын ишине багыт берип турушат. Туруктуу комиссиялар көптөгөн маселелерди өздөрүнүн отурумдарында карап, ал маселелердин орчундууларын шаардык Кенештин сессияларына алып чыгышат.
Жалалабат шаардык Кенеши депутаттар менен иштешип эле чектелип калбастан, шаардын тургундарынан келип түшкө каттардын үстүндө да көп иштерди алып барууда. Жылдын башынан ушул күнгө чейин шаардагы бюджеттик мекеме-ишканалардан, юридикалык жана физикалык жактардан, шаар тургундарынан шаардык кеңешке 296 арыз кат келип түшүп, алардын 63 кат-арыз сессиянын чечимдери менен аткарылып, 74 кат канааттандырарлык жооп берилип, 65 кат аткаруу бийлигине жиберилген. Келген арыз-каттарга «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талабына ылайык өз убагында жооп берилип келе жатат.
Аппараттагы жооптуу кызматкерлер шаардагы аймактык башкармалыктарга усулдук жана практикалык жардамдарды беришүүдө. Андан сырткары шаарыбызда жашап жаткан аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй бүлөлөргө материалдык жардам иретинде шаардык кеңештин резервдик фондунан акча каражатын бөлүнүп берилүүдө. Атап айтсак, Калматов Асадбектин операциясына 5,0 миң сом, А.Ахмедовага баласын операция жасатууга 5,0 миң сом, И.Абдразаковага 1-тайпадагы майып 2,0 миң сомдон бөлүнүп берилди.
Жалалабат шаарынын аймагында өтүп жаткан мамлекеттик жана жергиликтүү майрамдарга жана иш чараларды өткөрүүдө шаардык кеңеш мэрия менен биргеликте демилге көтөрүп, уюштуруу иштерин алып барса, ал эми шаардык кеңештин депутаттары ал иш чараларды өткөрүүгө активдуу катышуу менен ар дайым өздөрүнүн демөөрчүлүк салымдарын кошуп, андан сырткары өздөрү депутат болуп шайланган округдардагы жардамга муктаж үй бүлөлөргө өздөрүнүн жеке жардамдарын берип келе жатышат. Шаарга инвестиция тартуу үчүн эл аралык донордук уюмдар тарабынан уюштурулуп жаткан семинарларына, тегерек столдорго шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусу жана макулдашуусу менен бир топ алгылыктуу иштер болууда десем жаңылышпайм.
АРИС долбоору аркылуу шаардагы 5 аймактык башкармалыкка 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция келип, ошол аймактык башкармалыктын элинин катышуусу менен приоритеттүү багыттарга каржылоого чечилди. Бул иш чарага шаардык кеңештин депутаттары А.Хажиматов, С.Чимбердиев, Т.Акамбаевдер катышып беришти.
Шаардык кеңештин депутаттары коомдук иш чараларга активдүү катышып келе жатышат. Мисалы, депутаттар Т.Осмонов жана Н.Исмаиловдор Эл аралык республикалык Институт тарабынан Бишкек шаарында уюштурулган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү: проблемалар жана перспективалар» аталышындагы тегерек столго катышып келишти. Евразия фонду тарабынан уюштурулган «Кантип жергиликтүү кеңештин депутаты боло алабыз?» аттуу семинарга депутаттар Н.Исмаилов, Б.Имсаилов, С.Чимбердиев, Н.Нишанов, Б. Субанов, К.Айтакалов, Э.Сатаровалар активдүү катышып беришти. Ушуга окшогон семинар-тренингдерге шаардык кеңештин депутаттары катышып, баалуу ой-пикирлери менен бөлүшүп жатат. Ош шаарына «Абад» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жаткан долбоордун презентациясына шаардык кеңештин депутаттары М.Тагаев, Э.Сатарова жана С.Чимбердиевдер катышып келишти. Жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларын өткөрүү, жарандардын сессияларга катышуусуна көмөктөшүүнү көздөгөн бул долбоор түштүктүн беш шаарын камтып, конкурс уюштуруп жатат. Конкурстун жеңүүчүсүнө орто эсеп менен 10 миң АКШ доллларына барабар болгон стенограмма аппаратурасынын комплектиси тапшырылат. Ошондуктан биз, шаардык кеңештин депутаттары, ушул долбоордун үстүнөн активдүү иш алып барып, аппаратураны жеңип алганы бардык аракетибизди жумшашыбыз керек.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!