Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-августу № 1
Шаардык кеңештин укуктук-ченемдик актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесинин 1-1-пунктуна ылайык жана Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын 22.07.2013-жылдагы № 342/03-7-катыны эске алып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин укуктук-ченемдик актылары мамлекеттик тилде кабыл алынаары белгиленсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Тагаев |