Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-августу № 3
Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 62-беренесинин негизинде түзүлгөн Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жобосундагы техникалык катасын Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, Регламент, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар, кыймылдар жана партиялар менен байланышуу боюнча туруктуу комиссиясында каралып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын 5-токтомунун 1-тиркемеси менен бекитилген Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жобосунун 5-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Бөлүмдү каржылоо Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланат жана өзүнүн эсеп-кысабына ээ болуп, өзүнүн бухгалтериясы аркылуу иш жүргүзөт. Ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү юридикалык жак болуп эсептелет. Бөлүм мамлекеттик жана расмий тилдеги аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөргө, белгиленген үлгүдөгү штамп жана бланкаларга, ошондой эле банктарда эсептик счетуна ээ».
2. Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчисине бөлүмдүн жобосуна кирген өзгөртүүлөрү менен юстиция башкармалыгына бөлүмдүн Жобосун кайрадан каттоого берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, Регламент, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар, кыймылдар жана партиялар менен байланышуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Тагаев |