Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-октябры № 1
Жалал-Абад шаарынын 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2012-жылдын шаардык бюджетинин аткарылышын карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Шаардык бюджеттин киреше бөлүгү атайын төлөм каражаттарды жана келген трансферттерди кошпогондо жалпы салык жана салык эмес кирешелердин такталган планы 211 760,7 миң сом, аткарылганы 219 204,0 миң сом болуп, 7443,3 миң сом ашык түштү, атайын төлөмдөрдүн такталган планы 31 359,5 миң сом, аткарылганы 31 954,5 миң сом болду, республикалык бюджеттен келүүчү трансферттердин аткарылганы 252 345,9 миң сом болду. Чыгаша бөлүгүнүн бюджеттик каражаттар боюнча аткарылганы 466 172,9 миң сом же бекитилген планга салыштырмалуу (470 940,5 миң сом) 98,9 % га аткарылды, атайын төлөмдөр боюнча аткарылганы 31 853,4 миң сом же бекитилген планга салыштырмалуу (30679,5) 103,8 % га аткарылды. Шаардык бюджеттин 2012-жылдын аткарылышы шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумдарында каралды.
Жогорудагыларды белгилеп, 2012-жылдын шаардын бюджетинин аткарылышы боюнча депутаттардын шаардык кеңешинин кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын бюджетинин 2012-жылдын аткарылышын канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Тагаев |