Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-октябры № 2
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу
комитетинин балансындагы тигүүчү машиналарды көзү азиздер жана дүлөйлөр
коомуна өткөрүп берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 2013-жылдын 20-майындагы № 22 сандуу каттын негизинде шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги X -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаар аймагындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин балансындагы 27,0 миң сомдук YMT-8700 2 даана тигүүчү машина, 7OS-7 үлгүсүндөгү 19,0 миң сомдук 1 даана оверлог, 10-1 маркасындагы 25,0 миң сомдук «попаб» машинасы жана 1 даана 10 литрлик утюг 5,0 миң сом – жалпысынан 76,0 миң сомдук материалдык баалуулуктарды, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу өндүрүштүк ишканасынын жоопкерчилиги чектелген коомуна кайтарымсыз өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткарылышын жана швейный машинкаларды максаттуу пайдалануу жагы Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу өндүрүштүк ишканасынын жоопкерчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М.Тагаев |