Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-октябры № 5
Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районундагы бала бакчага
кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн каттарды шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы комиссиясынын корутундусунун негизинде жана «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып депутаттардын шаардык кенешинин кезектеги X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Курманбек» кичи районунда 150 орундуу бала бакчанын курулушун бүтүрүү үчун 6,0 млн сом талап кылынгандыктан 3880,0 миң сому коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин иштетилбей калган каражаттардын эсебинен, ал эми калган каражатын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинен бекитилген мекемелердин үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен 2120,0 миң сом каржылоо жагы мэрдин буйругунун негизинде муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу каржылоо шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Тагаев |