Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-октябры № 6
Жалал-Абад шаарынын аймагында жер жана мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн Жалал-Абад шаардык Салык кызматынын 2013-жылдын 25-июль № 08-07-01/1712 сандуу катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 3 –беренесин жетекчилике алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги X -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин негизинде жер салыгын жана 1,2,3 тайпадагы мүлк салыгын 2014-жылдын 01-январынан баштап Жалал-Абад шаарынын аймагына киргизилсин.
2. Жер салыгы жана 1,2,3 тайпадагы мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 324-335 берененин негизиндеги көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын аймагынан алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын ишке алуу жагы Жалал-Абад шаары боюнча мамлекеттик салык кызматына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Тагаев |