Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-октябры № 7
Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан акционердик банкына караштуу
№ 16 балдар бакчасын сатып алуу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 2013-жылдын 17-апрель № 240 сандуу каттын негизинде шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги X -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан акционердик банка караштуу № 16 балдар бакчасын 20 млн.сомго он жылдык мөөнөтү менен, жылына 2,0 млн. сомдон төлөп берүү жөнүндө Кыргызстан акционердик банкы менен келишим түзүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
2. Иш кагаздарды даярдоо жана ушул токтомду жетекчилике алуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Тагаев |