Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-октябры № 8
Шаардагы коммуналдык кызматтардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңештин 2013-жылга карата келечектүү иш планына ылайык, курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 10.10.2013-жылдагы тактамасынын негизинде, комиссиянын төрагасынын орун басары И.Увайдиллаевдин баяндамасын, шаар мэри М.Арапбаевдин маалыматын угуп, депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, шаардык кеңештин кезектеги X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын «Шаардагы коммуналдык кызматтардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө» тактамасы эске алынсын.
2. Шаардагы коммуналдык кызматтардардын күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо боюнча иш чаралардын аткарылуусун камсыздоо жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Шаардагы №4 жана №9-гимназия орто мектептеринде жаңыдан курулуп жаткан отканалардын курулуш иштерин 2013-жылдын 1-ноябрь айына чейин бүткөрүү жана эксплуатацияга тапшыруу жагы шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысына (Ч.Дооронов) милдеттендирилсин.
4. Курманбек аймактык башкармалыгындагы жаңыдан курулуп бүткөн бала-бакчанын отканасынын курулуш иштерин 2013-жылдын 1-ноябрь айына чейин бүткөрүү жана эксплуатацияга тапшыруу жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
5. Кыш мезгилдеринде шаардагы жолдорго жана тротуарларга себилүүчү туз, кумду кургак жерде нормативдерге ылайык сакталышын камсыздоо жагы атайын санитардык тазалоо автобазасынын башчысына (Т.Касымов) милдеттендирилсин.
6. Шаардагы жаңыдан жылуулук түйүнүнө кошулду деп эсептелген 4 көп кабаттуу үй жылуулук түйүнүнө толугу менен кошулган эмес жана ал боюнча аткарган жумуштар канатаандыраалык эмес деп табылсын жана бул маселе боюнча кетирген кемчиликтер үчүн тийиштүү жетекчилерге мыйзам чегинде чара көрүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
7. Шаардагы жаңыдан жылуулук түйүнүнө кошулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук түйүндөрүн тартууда жер төлөөнүн ичиндеги суу түтүктөрүнүн шаймандарын туташтыруу боюнча сарптала турган акча каражат маселесин жашоочулар менен биргеликте чечип, жүргүзүлүп жаткан иштердин тез арада бүткөрүлүшүн камсыз кылуу жана көзөмөлгө алуу жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
8. Шаардагы үйлөрдү борбордук жылуулук түйүнүнө кошуу иш чараларын аткарууда шаардын жашоочуларына жеринде барып сүйлөшүлөрдү жана массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” ишканасы жана шаар мэриясына милдеттендирилсин.
9. Кыш мезгилдеринде шаардын жашоочуларын электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы Жалал-Абад райондук электр тармактар ишканасынын башчысына милдеттендирилсин.
10. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кенештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
12. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М.Тагаев |