Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-ноябры № 5
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жайыттарынын тышкы чек араларын жана анын аяттарын бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 06.11.2013-жылдагы чыг.№01-14/411 сандуу катынын негизинде, шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 06.11.2013-жылдагы чечимине ылайык жана шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жайыттарынын тышкы чек аралары “Жер жана козголбос мүлк” компаниясы тарабынан даярдалган материалга ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жайыттарынын жалпы аянты 1575,0 гектар болуп бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгындагы жайыттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгындагы жайыттарды пайдаланууга берүү жана иш жүргүзүү жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Жалал-Абад шаарынын чегиндеги талаш-тартыш болгон жерлердин аянттарын аныктоо жана кайрадан шаардык кеңештин кароосуна алып чыгуу Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Казакбаев) милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасы |
М. Тагаев |