Редакцияот 16.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыш кезексиз XI-сессия

 

2013-жылдын 16-ноябры № 7

Жалал-Абад шаарынын 2013-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн каттарды шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы комиссиясынын корутундусунун негизинде жана «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарына  таянып депутаттардын шаардык кенешинин кезексиз XI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык билим берүү башкармасынын 2013-жылга бекитилген сметасында от казандарын курууга каралган каражаттын эсебинен (3555,4 миң сом) Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын кредитордук карыздарын жабууга 1656,3 миң сом, автобустарга автошина алууга 618,0 миң сом, аккумулятор алууга 119,0 миң сом, муниципалдык менчикти башкаруу комитетине муниципалдык мүлктөрдүн архитектуралык пландоого, мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө жана техникалык документтерди даярдоо үчүн 97,6 миң сом, мэриянын имаратын борбордук канализацияга кошууга жана муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин имаратына кошумча курулуш курууга 584,6 миң сом, утушка ээ болуп, колдоо тапкан долбоорлордун үлүштүк каржылоосун камсыз кылуу үчүн кошумча 184,9 миң сом, шаардык кеңештин бөлмөлөрүнүн ремонтуна 67,5 миң сом, мэрияга шаардык соттун чечиминин негизинде  А. Элемановго 177,5 миң сом компенсация төлөп берүүгө, Б.Сайтиевди Россия Федерациясынын Красноярск шаарына турнирге жиберүү үчүн 50,0 миң сом дене тарбия жана спорт комитети аркылуу бөлүнүп берилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2013-жылга бекитилген сметасында имараттын ремонтуна каралган 1200,0 миң сом акча каражатын муниципалдык менчикти башкаруу комитетине жылдырып мэриянын имаратын борбордук канализацияга кошууга жана муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин имаратына кошумча курулуш курууга бөлүнүп берилсин

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жалал-Абад шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

М. Тагаев