ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезексиз XI-сессия
2013-жылдын 16-ноябры № 9
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн Коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын № 04-24/3047 катынын колдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарына таянып депутаттардын шаардык кенешинин кезексиз Х1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жергиликтүү бюджеттен үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 100,0 миң сом акча каражаты Жалал-Абад шаарынын мэриясы аркылуу бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом расмий түрдө массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |