Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-ноябры № 6/3
2014-жылдын 1-январынан Кербен шаарынын аймагында жер жана мүлк салыктарын колдонууга киргизүү жѳнүндѳ
«КР салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна, КР салык кодексинин 5-беренесинин 5-пунктуна , 31-беренесинин 3;5-пункттарына жана Кербен шаардык Кеңешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 3-октябрындагы №12 токтомуна ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Кербен шаарынын аймагында жер жана мүлк салыктары колдонууга киргизилсин.
2. Биринчи пунктта кѳрсѳтүлгѳн салыктар боюнча башкаруу тартиби КР салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом КР мамлекеттик салык кызматынын Аксы райондук башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5.Токтом «Аксы турмушу» газетасына жарыялангандан кийин күчүнѳ кирет.
6.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы финансы,бюджет боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Н.Зыябековго жүктѳлсүн.
Кербен шаардык кеңешинин төрагасы |
К. Урустемов |