Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-ноябры № 6/4
2014-жылга Кербен шаарынын аймагында айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн К3-зоналык коеффициенттин ѳлчѳмдѳрү жѳнүндѳ
КР салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна негиз жана Кербен шаардык кеңешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 3-октябрындагы «2014-жылга Кербен шаарынын аймагында айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн К3-зоналык коеффициенттин ѳлчѳмдѳру жѳнундѳ» №13-токтомун карап, талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга Кербен шаарынын аймагында айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн К3-зоналык коеффициенти-1,0 эсебинде кабыл алынсын.
2. Кербен шаарынын мэриясы, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык төлөөчүлөрдү тактоо үчүн депутаттарды кошуу менен комиссия түзүп, түшүүчү салыктын болжолдуу көлөмүн эсептеп чыксын.
3. Бул токтом КР мамлекеттик салык кызматынын Аксы райондук башкармалыгына колдонуу үчүн жиберилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтом «Аксы турмушу»газетасына жарыялангандан кийин күчүнѳ кирет.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы финансы,бюджет боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Н.Зыябековго жүктѳлсун.
Кербен шаардык кеңешинин төрагасы |
К. Урустемов |