Редакцияот 18.10.2013.
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 18-октябры № 36/9-6

Кара-Көл шаарынын экономикалык пландаштыруу зоналары жана аларга 2014-жылга жер салыгын салуу үчүнкоэффициенттерди (К3) белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнүн талабына ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Муратовдун кайрылуусун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаарындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасында арналбаган жерлерди пайдаланууда экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөндөгүдөй зоналарга бөлүнөөрү бекитилсин:

I зона: Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя, Канат, Ак-Шар, Чоң-Таш, Кайыңды, Жээн-Кыштоо, Сухой-Сай, Завод, Акташ көчөлөрү;

II зона: I зонада каралбаган Кара-Көл шаарынын көчөлөрү;

III зона: Ош-Бишкек жолунун жол огунан 100 метр аралыкта жайгашкан соода- сатык обьектилери, комерциялык негиздеги тейлөө ишканалары жана коомдук тамактануу жайлары;

IV зона: Кетмен-Төбө , Жазы-Кечүү аймактары (III зонада көрсөтүлгөн аймактардан сырткары)

2. Кара-Көл шаарында калктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн 2014-жылга жер салыгын төлөөдө экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша жер салыгынын төмөндөгүдөй коэффициенттери (К3) бекитилсин.

I зона- 0,6;          II зона-1,2;     III зона- 1,2;   IV зона- 0,4.

3. Короо жай жана багбанчылык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэффициенттери (К3) 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

4. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.С.Жетешикова) жүктөлсүн.

 

Кара-Көл шаардык

кеңешинин төрагасы

 

М.К. Женбеков