КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-октябры № 01-01/56
Айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгынын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна негиз, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары К3 зоналык коэффициенттин өлчөмүн белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренсине ылайык Кочкор-Ата шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу, Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгынын каты эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаары үчүн К3 зоналык коэффициети 1,0 өлчөмүндө белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «финансы, бюджет, салык, орто жана чакан ишкердүүлүктү колдоо» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.А.Азизовго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |