КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-октябры № 01-01/57
Мүлк жана жер салыгын бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу, Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгынын каты талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин» 3-беренесине жана 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренсине ылайык Кочкор-Ата шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу, Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгынын каты эске алынсын
2. 2014-жылдын 01-январынан тартып Кочкор-Ата шаарынын аймагында мүлк салыгы жана жер салыгы киргизилсин.
3. Ушул токтомдун 1-пункундагы салыктарды администрацилоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «финансы, экономика жана салык маселелри боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.А.Азизовго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |