Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-декабры № 01-01/61
А.Акматованын маалыматы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Өнөр-жай, курулуш, транспорт жана телекоммуникациялар маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын, шаардагы мекеме-ишканалардын социалдык обьектилердин 2013-2014-жылдын кыш мезгилине даярдыгын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын «Өнөр-жай, курулуш, транспорт жана телекоммуникациялар маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымынын маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кочкор-Ата аймактык оорукананын кыш мезгилине даярдыгы боюнча айтылган кемчиликтерди жана сын-пикирлерди тез аранын ичинде жоюу, аймактык оорукананын директору З.Эрменовго милдеттендирилсин.
3. Кочкор-Ата аймактык оорукананын кыш мезгилине даярдыгын кайрадан текшерүү, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Өнөр-жай, курулуш, транспорт жана телекоммуникациялар маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |