Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-декабры № 01-01/62
К.Д. Арстанбаева жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 192 мыйзамынын 2-беренесинин 7-пунктундагы «Шаардык Кеңештердин эки орун басары болот» деген редакциясын талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 38-беренесине жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 3-главасынын 3.4 пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин экинчи орун басарын шайлоо боюнча сунушу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Арстанбаева Касиет Дуйшеновна, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын экинчи орун басары болуп шайланды деп табылсын.
3. К.Д.Арстанбаева шаардак Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгана байланыштуу, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «социалдык маселелр боюнча» туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын.
4. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаты Айдаров Акылбек Төрөжанович, шаардык Кеңештин «финансы, экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылып, «социалдык маселелр боюнча» туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.
5. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин орун басарларынын милдеттери, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлеринин кызматтык милдеттерине ылайык милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |