Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябры № 31/9-6
Шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелери жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 01-04/15 буйругу менен, саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалын текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы К.Д.Арстанбаеванын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жазылган маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалын текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы К.Д.Арстанбаеванын маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Саламаттыкты сактоо мекемелери боюнча текшерүүдө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, аймактык оорукананын директору З.Эрменовго жана үй бүлөөлөк медицина борборунун директору К.С.Калданбаевге милдеттендирилсин.
3. Үй бүлөөлүк медициналык борборунун директору К.С.Калданбаевге: «Кыргызнефтегаз» ААКу тарабынан, үй-бүлөөлүк медициналык борборуна берилген «HONDA odissei» унаасынын салонун тез аранын ичинде тез жардам унаасына ылайыкташтыруу (бир айлык мөөнөт ичинде) жана мындан ары унааны жеке жумуштарына, оорукананын чарбалык жумуштарына пайдаланууга тыюу салуу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Д.Арстанбаевага милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |